Топчугүл Шайдуллаева "Кызыл өрүк" 4-бөлүм [окуган Өмүрбек Израилов - Ыйлак кыз]

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 6. 09. 2024
  • "Кызыл өрүк" 1-бөлүм - • Топчугүл Шайдуллаева ...
    "Кызыл өрүк" 2-бөлүм - • Топчугүл Шайдуллаева "...
    "Кызыл өрүк" 2-бөлүм - • Топчугүл Шайдуллаева "...
    _________________________________________________
    Шайдуллаева Топчугүл - жазуучу, публицист, илимпоз. Баткен районунун Кара-Булак айылында 1960-жылы 24-январда туулган. 1977-жылы Кара-Булак орто мектебин, 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, эмгек жолун ошол эле университеттин социологиялык лабораториясынын кызматкери болуп иштөөдөн баштаган. 1985-1989-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы аспирантурада окуган. 1990-1992-жж. Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунда окутуучу болуп эмгектенген. 1992-жылы социология илими боюнча кандидаттык ишин коргогон. 1992-1993-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин философия кафедрасынын окутуучусу, 1993-2003-жж. Бишкек гуманитардык университетинин социология кафедрасынын доценти, кафедра башчысы, 2003-2004-жж. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) аппаратында маалыматтык-басма бөлүмүнүн башчысы, 2004-жылдын октябрь айынан чейин “Агропресс” республикалык айыл чарба басылмасынын башкы редактору, “Агроиздательство” коомдук фондунун директору, 2007-жылдан Борбор Азия ПЕН-клубунун вице-президенти болуп эмгектенген.
    2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Үй-бүлө, аялдар маселелери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин мүчөсү.
    2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
    __________________________________________________________________
    "Кызыл өрүк" китебинин негизги лейтмотиви биз жашап өткөн совет доорунун бейнесине арналып, анын адамдын табигый эркиндигине, укугуна, социалдык-психологиялык маанайына, үй-бүлөлүк, улуттук баалуулуктарга тийгизген кесепети, кедергиси тууралуу сөз болот.
    ___________________________________________
    Жакынкы күндөрү дагы эӊ мыкты чыгармаларды сиздер үчүн даярдоодобуз. Андыктан «Бакан Медиа» каналына КАТТАЛЫП, коӊгуроону басып коюӊуз.
    _____________________________________________
    ЭСКЕРТҮҮ! Биздин уруксаатыбызсыз «Бакан Медиа» каналынын материалдарын көчүрүп алууга, ТЫЮ салынат!
    #БаканМедиа #ӨмүрбекИзраилов

Komentáře • 2

  • @user-jc3zf1sy8x
    @user-jc3zf1sy8x Před 2 lety +3

    Эмнеге ушундай таланттуу актерлерду балабайбыз?
    Браво эн соонун таланттыныз ташкышдай берсин.

  • @nikelg4216
    @nikelg4216 Před 6 měsíci

    Класс