Токтобек АСАНАЛИЕВ: “Жараткандын пенденин мойнуна таккан милдеттери болот окшобойбу”

Sdílet
Vložit
  • čas přidán 11. 08. 2023
  • КР Эмгек сиңирген артисти Токтобек АСАНАЛИЕВ: “Жараткандын пенденин мойнуна таккан милдеттери болот окшобойбу”
    “Ой медиа” каналынын “Менин дүйнөм” рубрикасынын бул жолку каарманы - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев. Тоо булбулу дешет эл арасында Токтобек мырзаны. Чындап эле аска-зоону жаңыртчудай абазы бар. Балким тоо аралап өткөн балалыгы буга себептир. Бизге куруп берген маегинде да Ат-Башыда өткөн бала чагынан кеңири кеп салды.
    Көтөргөн комузуна да өзгөчө аяр караганы аны кынаптап жасатканынан эле байкалат. Аспаптын жасалгасындагы ар бир элементке да токтолду.
    Уулунан, агасы, атасынан удаа-удаа ажырап калган ырчынын кээде жаңырган муңдуу абазын кайгысын туйган жан билээр... Ошентсе да кайрат-күчүн топтоп, үйдө бир туугандарынын башында, Ала Тоодо жалпы журттун кызматында.
    Чыгармачылыктан тышкары, мугалим, устат болуп, шакирттерин да таптап келет. Ошондой эле коомдук иштерден да четте калбай, Казыбек казалчынын акталышына, ал кишинин казалдарын жыйнак болуп чыгышына салымы чоң. Ал түгүл Казыбек казалчынын 94 жылдан бери катылып жүргөн сүрөтүн да таап, коомчулукка көрсөтө алды. Эмесе, бул ирет ырлары укканды муюткан, абазы көңүл жылыткан, ал эми жашоодо тек гана жарык инсандардын бири Токтобек Асаналиевдин дүйнөсүнө “саякат жасайлы”!
    Маектешкен жана даярдаган Айнагүл Сапарбек кызы

Komentáře • 17

  • @user-vu7ij6xe2m
    @user-vu7ij6xe2m Před 28 dny

    Азаматсын Токтобек ,кыргыздын сыймыгысын,соз жок,сага ийгилик

  • @user-wi1vm6pz5y
    @user-wi1vm6pz5y Před měsícem +3

    Жайлоодо жургонуно,тоо койнунда осуп,талантына табияттын кооздугу , ЖАРАТКАНЫМ БЕЛЕК кылып Берген таланты бапестеп онуктуро бергин, жондон жон эле ырчы болуп калган жокда, КУДАЙ Берген талант омурлуу бактылуу бологой!

  • @anaraarykbaeva5784
    @anaraarykbaeva5784 Před 27 dny

    Азамат,иним,тактак

  • @anaraarykbaeva5784
    @anaraarykbaeva5784 Před 27 dny

    Азамат иним тактак

  • @supaxadomurakomova900
    @supaxadomurakomova900 Před měsícem +1

    Бактылуу бол уй булон менен. Кудайым буюрса баары жакшы болот.

  • @user-qs2wd4gg4f
    @user-qs2wd4gg4f Před 8 měsíci +2

    Бар болунуз.
    Баланыздын бейишин берсин 🤲.
    Угуп олтуруп журогум сыздады. Эч бир адам балам деп боздобосун

  • @user-nn6ys1gb7y
    @user-nn6ys1gb7y Před 9 měsíci +1

    Аллахым эки дунуйо БАКТЫЛУУЛУК берсин. Аябай сонун маек жана мотивация болуптур. Уй-булоонор менен тынч болгула.

  • @user-nb6vc5ig8k
    @user-nb6vc5ig8k Před 6 měsíci +2

    Жашасын,атбашым

  • @user-mw3il9dh7n
    @user-mw3il9dh7n Před 9 měsíci +3

    Омурлуу бол

  • @rustamtopchubaev9035
    @rustamtopchubaev9035 Před 5 měsíci +1

    Маладесиз байке эн сонун майек болуптур 👍👍

  • @user-nb6vc5ig8k
    @user-nb6vc5ig8k Před 6 měsíci +2

    Жакшы ырчыны жакшы деш керек

  • @user-kz6my6dq5i
    @user-kz6my6dq5i Před měsícem

    Эн сонун маек болуптур

  • @user-nb6vc5ig8k
    @user-nb6vc5ig8k Před 6 měsíci +2

    Ырдаган ырынарды уккандан эч тажабайм

  • @user-nb6vc5ig8k
    @user-nb6vc5ig8k Před 15 dny

    Жаша атбашым?!

  • @user-cv3rn3ti1d
    @user-cv3rn3ti1d Před 8 měsíci

    Азаматсыз байке

  • @mairamkeneshova8387
    @mairamkeneshova8387 Před 10 měsíci +3

    Током нукура кыргыздын касеттери бар сенде,сен ырдаганда АК сайдын тоолору жаныргандай сезилет

  • @toliktolik186
    @toliktolik186 Před 10 měsíci +3

    Токтобек Азамат Жигит!!!